Борбор Курулуш - Строительная компания / строительная компания бишкек застройщик квартир квартиры в бишкеке

“Борбор курулуш” компаниясынын командасы кыргыз элин «Ак калпак» майрамы менен куттуктайт!

“Борбор курулуш” компаниясынын жетекчиси Өмүрбек Назаров уюткулуу, түптүү кыргыз элинин каада-салты, нарк-нускасы, тээ байыртан келе жаткан ата-бабабыздын урагыс улуу жолу муундан-муунга сакталып калса деген аруу тилек, таза дилдеги патриот инсандардын катарында. Ал кыргыздын баалуулуктарын ар дайым баалап, аздектеп, даңазалоо — ар бир атуулдун милдети деп билет. Аталган компания негизделген алгачкы күндөн тарта бүгүнкү эмес, эртеңки күнгө, алдыдагы тарыхка карай сапар улап, изги ойлор менен из калтыра турган татыктуу иштерге басым жасоодо. 5-Март – элибиздин улуттук баш кийими болгон, Ала-Тообуздун асылдыгын, нарктуулугун көрсөткөн Ак калпак күнүнө карата «Борбор Курулуш» компаниясынын жамааты жалпы кыргыз элин чын дилден куттуктайт! “Ар дайм жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, ѳлкѳбүздѳ ѳнүгүү болсун! Ар бир үйгө кут-береке конуп, мекенибизде патриот уул-кыздар көбөйүп, кадыр-баркыбыз арта берсин. Ишиңиздерден баар таап, үй-бүлөңүздөр менен бар болуңуздар! Өлкөбүз үчүн өтөлгөлүү иштерди жасап, урпактар алдында сыйлуу, сыймыктуу жолду көрсөтөлү,”- дейт Өмүрбек Назаров. Айлардын кыргызча аталышы жана мааниси Кыргыз эли байыртадан эле ар бир сөздүн маанисине өзгөчө көңүл бөлүп келген. Биз учурда колдонуп жаткан айлардын аталышынын мааниси туурасында окумуштуу-физик, коомдук ишмер, “Даанышман кеңеш” коомдук кеңешинин төрагасы Бердибек Жумабаев Күн-ай календары боюнча түшүндүрүп берет. Жыл эмнеге март айынан башталат? – Март – Баш оона. Март айында, тагыраагы, 21-мартта күн-түн теңелет. Ошондон тартып күндүн жарыгы, энергиясы күчөй баштайт. Жашыл чөптөр чыгып, “жаз жарыш – күз күрөш” демекчи, эгин себүү иштери, жалпы эле күрдөөлдүү жашоо ыргагы башталат. Бул жалпы түрк дүйнөсү, өзгөчө Ала-Тоодо жашаган кыргыз эли үчүн өтө маанилүү болгон. Демек, мартты жыл санактын башы, баш оона деп аташкан. Жер оонаган сайын айлар алмашып, марттан күн узара баштайт. Кийинки айлар: жалган куран, чын куран, бугу, теке – булар кайберендердин атынан коюлган айлар. Ата-бабаларыбыз илгери мергенчилик менен күн көрүп келген. Каман, чочко же башка жаныбарды жешкен эмес. Бийик тоолордо, аска-зоодо таштан-ташка секирип, таза, дары чөптөр менен азыктанган кайберендерге мергенчилик кылып, үй-бүлөсүн, жалпы журтун багышкан. Бара-бара көчмөн жашоо артта калып, баалуулуктарды аздектөө керек болду жана кайберендерди түбөлүк сактоо аракети көрүлө баштады. Мындан улам, төл убактыларында аларды атпоо керек деген белги катары айларды атап коюшкан. Апрель – Жалган куран. Куран бул – кийиктин эркеги. Жалган куран айында кийиктин эркегинин мүйүзү чыга элек маал болуп, эркек же ургаачы экенин ажыратуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул ай жалган куран деп аталган. Май – Чын куран. 30 күндөн кийин кийиктердин мүйүзү чыгып, эркегиники узун, ургаачысыныкы кыска болуп, бири-биринен айырмаланып калат. Ушул себептен чын куран деп аталган. Май айында курандардын төлдөө учуру болгондуктан аларды атууга тыюу салынат. Июнь – Бугу. Бугулар июнда төлдөшөт. Андыктан июнь айында бугуларга аңчылык кылууга болбойт. Июль – Кулжа. Кулжалар төлдөгөн маал болгондуктан, бул айды кулжа деп атап коюшкан. Август – Теке. Август айында текелердин төлдөгөн мезгили. Сентябрь – Аяк оона. Бул айда күн-түн теңелип, күн кыскарып, түн узара баштайт. Октябрь – Тогуздун айы. Кыргыз элинде илгертен эле мыйзамдуулук сакталып, жылына бир жолу мамлекеттик казынага салык төлөнүп турган. Салык ар бир түтүндөн жашоо-шартына жараша берилген. Маселен, байлар малдар семиз кезинде, бышыкчылыкта 3 төө, 3 жылкы, 3 уй катарында салыкты тогуздап төлөшкөн. Анын белгиси катары октябрь — тогуздун айы деп аталып калган. Ноябрь – Жетинин айы. Бул айда колунда бар, орто байлар 2 төө, 2 жылкы, 2 уй, 1 кой кылып жетилеп салык төлөшкөн. Декабрь – Үчтүн айы. Жашоо абалына карата адамдар үчтөп салык төгүшкөн. Январь – Бирдин айы. Ал кезде баары үчүн мыйзам бирдей болгон. Жакыр, колунда жокторго да салык жазылган. Алардын салыкка болгон төлөмдөрү кыштын акырына туура келген. Бир кап эгин болобу же койбу, айтор колунда болгондорун казынага өткөрүшкөн. Айрым учурда кедей-кембагалдардын салыгын колунда бар берешен туугандары төлөп, жардам көрсөткөн. Ымыркайдын кыркын эмнеге чыгарат? “40” деген сан кыргызда ыйык сандардын бири катары саналган. Бул санга байланыштуу ырым-жырымдар көп колдонулганы да жөн жеринен эмес. 40 санынын мааниси, келип чыгышы тууралуу жазуучу жана тарыхчы Баяс Турал айтып берет. – “40” деген сөз байыркы арий тилинде (гурк) бєрї дегенди тїшїндїргєн. Бул жактан алганда кыргыз дегендин дагы бир этимологиясы арийче гурк кыз – бєрї кыз дегенди билдирет. Тїрктєрдїн “эне бєрїдєн тараганбыз” деген уламышы бар эмеспи. Бул биздин тїрк эли менен тектеш экенибизди айгинелейт. Бєрї — биз їчїн улуу, ыйык жаныбар. 40 санына байланыштуу азыр деле ырым-жырымдар колдонулуп келет. Анын бири ымыркайдын кыркын чыгаруу жана каза тапкан кишинин кыркылыгын єткєрїї. Илгери ымыркай тєрєлгєндє 40 кїнгє чейин ысым коюшкан эмес. Анткени 40 кїндє наристенин көзү ачылып, торолуп калат. Ымыркай тєрєлгєнїнє 40 кїн болгондо гана жентек той єткєрїшкєн. Аксакалдар баланын тегине, туулган кїнїнє, айына, денесиндеги єзгєчєлїктєрїнє карап ысым тандап беришкен. Адам єлгєндє да 40 кїнгє чейин мїрзєсїндє жаны айланып турат деген тїшїнїк бар кыргыз элинде. 40 кїндєн кийин кїнєєсї таза адамдардыкы асманга, кїнєєсї кєптєрдїкї жин-шайтанга айланып жерге кирип кетет деп айтылат. Нукура кыргызча аттар Акыркы жылдары уул-кыздарыбызга аралашкан ысымдар коюлууда. Өзүбүздүн кыргыз жыттанган өзгөчөлөнгөн аттарыбыз менен да сыймыктанууга тийишпиз. Кыргыздын нукура мааниси тереў аттарын да балдарыбызга ыйгарууну унутпасак. Тємєндє нукура уул-кызга коюлчу кыргыз ысымдарынын тизмесине токтолдук. Кыздардын аттары: Адинай, Ажар, Айбийке, Айгүл, Айданек, Айзат, Айзада, Айдай, Айкөл, Айчүрөк, Айназик, Аймончок, Айпери, Айсулуу, Айзирек, Акбермет, Акмаанай, Акак, Акмаржан, Актилек, Акылай, Асылбүбү, Атыркүл, Акшоола, Алтынай, Айгерим, Бактыгүл, Батма, Бейшекан, Бермет, Бүбүсара, Бурмакан, Гүлжан, Гүлзада, Гүлнур, Гүлүмкан, Жаңылай, Жылдыз, Жыргал, Жийдегүл, Даткайым, Каныкей, Карлыгач, Кундуз, Курманжан, Кыял, Кызжибек, Махабат, Мээрим, Назик, Наристе, Назгүл, Нургүл, Нурайым,Салтанат, Саадат, Тунук, Толгонай, Умүт, Шайыр, Ширин, Чолпон. Уулдардын аттары: Азамат, Азиз, Айбек, Акжол, Акниет, Адилет, Амантур, Абай, Абдылас, Аалы, Абдырасул, Алыкул, Ажыбек, Алмазбек, Ариет, Арстан, Асан, Байэл, Бектур, Бердике, Бердибек, Белек, Бекболсун, Бекболот, Болот, Гүлжигит, Данияр, Дастан, Дүйшєн, Жаныбек, Жанузак, Жеңиш, Жунуш, Жаныш, Жолдош, Жумабек, Жумгалбек, Жылдыз, Искендер, Канат, Каныбек, Кайрат, Күлчоро, Керимкул, Кожожаш,Курманбек, Кубаныч, Куштарбек, Кылыч, Кычан, Манас, Максат, Маралбек, Майсалбек, Медет, Муратбек, Мусабай, Нуртегин, Нурбек, Нурдан, Нурлан, Нурболот,, Орунбай, Орозбай, Омор, Орунбек, Өмүралы, Өскөн, Рахат, Сагын, Саламат, Сейит, Сейтек, Семетей, Сүйөркул, Сыдыкбек, Сыймык, Таалайбек, Тагай, Талант, Турдакун, Туратбек, Темирбек, Узак, Улан, Улукбек, Уран, Урмат, Чыңгыз, Чолпонбай, Шекербек, Шүкүрбек, Шамшидин, Ырыскелди, Эртабылды, Эркин, Эрмек, Эламан, Эртал.